Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна кар көчкү түштү

11:33, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 17:45те Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-85-чакырымына көлөмү 5 миң 900 метр куб кар көчкү түшкөн.

Унаа жол убактылуу жабылды. Жабыркагандар жок.