Ноокатта суу каптап кеткен шахтадан 23 жаштагы жигит изделүүдө

11:17, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда шахтаны суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМга Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптап, шахтанын ичинде 23 жаштагы эркек киши калып калган деген билдирүү түшкөн.

Маалыматка ылайык, шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылды.