Казарман айылында чыккан өрттөн 6 жашар кыз каза болду

10:18, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында чыккан өрттөн 6 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, бөлмөдөгү терезе парда күйгөн. Кырсыктын келип чыгышына- электр жабдууларын туура эмес колдонуу себеп болгон.

Ошондой эле Кант шаарында өрт кырсыгынан 51 жаштагы эркек киши каза тапты. Анын бөлмөсү өрттөнүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышы такталууда.