09:58, 24 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекасфальтсервис 2020-жылы капиталдык оңдоодон өткөрө турган көчөлөрдүн тизмесин даярдады. Бул тууралуу мэриянын пландык жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтөт (Ар бир райондун 10 чакырымы). Ошондой эле 6 чакырым жол тротуарлары менен бирге оңдолот. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда.
Бишкектин тротуарларын ремонттоо үчүн 100 миллион сом каралат.
2020-жылы Кытайдын эсебинен «Бишкектин көчө-жолдорун өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырыла баштайт. Бул 2 жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкекте 6 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашуун жолду оңдоо пландалган.