22-декабрда Нур-Султанда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында Аловатовго баш байге — 10 миллион теңге (26 миң доллар) тапшырылды.
Central Asia’s Got Talent сынагынын финалдык бөлүгүнө 12 аткаруучу катышкан. Анда Чоршанбе Аловатов италия жана тажик тилдериндеги ырларды аткарган.
21 жаштагы жаш ырчы учурда Мирзо Турсун-заде атындагы Тажик мамлекеттик искусство институтунун студенти.
Central Asia’s Got Talent — Улуу Британиядагы Britain’s Got Talent телешоусунун аналогу. Ушундай эле форматтагы берүүлөр дүйнөнүн дагы 70тен ашык өлкөсүндө тартылып келет. Got Talent реалити-шоунун дүйнөдөгү эң ийгиликтүү форматы катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Сынактын Борбор Азия үчүн уюштурулган версиясы быйыл сентябрда башталып, ага Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрү катышкан.