Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан өрт чыкты

16:54, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефтебазадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 16:34тө чектөөгө алынды.

«Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн жеринде ыкчам топ жана 6 бөлүм иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.