Экс-мэрлердин соту. Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга кесилди

14:26, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. 

Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду. 

Эске салсак, мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранган. Ал эми 4 эпизод боюнча айыпталып жаткан Албек Ибраимовду 20 жылга кесүү сунушталган.