Мэрия: Бишкектин жолдоруна 213 тонна техникалык туз себилди

14:21, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте катуу жааган кардан кийин жолдорго 213 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн 700 жумушчу тартылган. Мындан тышкары Жол-эксплуатациялык бөлүмдүн 38 атайын техникасы иштеди.

Мэрия айдоочулардан жолдорго унааларды башаламан токтотпоону суранат. Болбосо жолдорду карлардан тазалоодо тоскоолдуктар жаралууда.