Санкт-Петербургда аялын сабаганга шектелип кыргызстандык жаран изделүүдө

12:14, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербургда аялын сабаганга шектелип кыргызстандык жаран изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазды.

Маалыматка ылайык, сабалган аялдын абалы оор.

Санкт-Петербургда жашаган түгөйлөр ортосунда жаңжал чыгып, күйөөсү аялын сабап салган. 29 жаштагы жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

«Дарыгерлердин айтымында, аялдын ички органдары жабыркаган. Шектүү качып кетүүгө үлгүргөн», — деп жазылат билдирүүдө.