Бишкектин айрым райондорунда 3 күн бою жаратылыш газы берилбейт

11:52, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда 3 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрдан 25-декабрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу, Огонбаев, Курманжан Датка, Гражданская, Төрөкул Айтматов көчөлөрү менен чектеш райондордо газ берилбейт.