10:11, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Кечээ Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык аймактарында ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Кабак айылындагы Маданият үйүнүн, орто мектептин жана 3 турак үйдүн чатырларын шамал учуруп кетти. Ошондой эле Кабык, Ачык-Суу, Кашка-Суу, Жаш-Тилек, Дароот-Коргон айылдарындагы үйлөрдүн чатырлары жабыркады.
Жабыркаган жарандар катталган жок.