13:00, 22 декабря 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
Чолпон Улукбекова 10 жылдан бери Малайзия, Катар, Индонезия жана Түштүк Африкада жашады.
Ал 17 жашында Малайзияга билим алуу үчүн кетип, 3 жарым жылдан соң маалыматтык технологиялык ишкердик адистигине ээ болот. Алгач эл аралык компанияда аналист болуп иштеп, 2 жылдан кийин кесибин борт коштоочулукка алмаштырып, Катар авиалиниясында эмгектене баштайт. Учурда үй-бүлө күтүп, декреттик өргүүдө.
— Маалыматтык технология жаатында билим алып, бирок стюардесса болууга эмне себеп болду?
— Бишкектеги № 70 мектепти аяктагандан кийин Малайзиянын Азиалык-тынч океандык университетине (Asia Pacific University) тапшырып, 3 жарым жылдан кийин маалыматтык технологиялык ишкердик (Business Information Technology) адистигине ээ болдум. Кийинки 2 жылда өз кесибим боюнча «Accenture» эл аралык консалтинг компаниясына ишке орношуп, менеджмент жана жаңы технологиялар чөйрөсүндө аналист болуп эмгектенгем. Жумушу чачтан көп, долбоорлордун үстүнөн саат 9дан түнкү 11-12ге чейин тынымсыз иштечүбүз. Албетте, бул жакшы тажрыйба топтоого чоң мүмкүндүк берди. Анткени, жумушка жаңы киргендер менен эмгек стажы көп кызматкерлерге бирдей мамиле жасалып, баардыгына тегиз тапшырмалар берилчү.
Кесибимди алмаштырууга тынымсыз иштеп, бирок айлык акынын аздыгы себеп болду десем болот.
Калган айлыгым жашоого, баскан турганыман артпай калды. Ошол маалда Катар авиалиниясынан иштөөгө сунуш түшүп, бактыга жараша интервьюсунан ийгиликтүү өтүп, стюардесса болуп чыга келдим.
Мен өз кесибимди борт коштоочуга алмаштырганыма эч өкүнгөн жокмун. Көп өлкөгө саякаттап, жакшы жыйынтыктарды алдым. Эң негизгиси жолдошумду жолуктурдум.
— Стюардессаларга кызыккандар көп болсо керек. Жолдошуңуз менен алгачкы кездешүү кандай болду эле?
— Жолдошумдун аты Лукас. Кайынатам — француз, апасы —испаниялык. Анын жумушу аба майдан менен тыкыс байланыштуу болгондуктан, чет өлкөлөргө жумуштап көп чыкчу. Алгач Индонезиянын Жакарта шаарындагы мейманканадан жолугуп калганбыз, кийин сүйлөшүп, мамилебизди үзгөн жокпуз.
Негизи мырзалар стюардессаларга көп кызыгышат. Ушундан улам мен жигиттерге көңүл бурчу деле эмесмин. Анын үстүнө авиалинияда 2 жыл иштейм, жигиттер менен мамиле курбайм деп максат коюп алган элем, муну Лукаска айтсам туура кабыл алды. Анын мага болгон мамилеси, Кыргызстан тууралуу кызыгып сураганы таасир берди десем болот, 2 жылдан кийин өз мекениме барып баш кошуп, той бергенбиз. Ал кыргыз салтын колдонуп, мага сөйкө салганын да айта кетейин.
Турмушка чыккандан кийин жолдошумдун ишине байланыштуу, Жакарта шаарында 8 ай жашап калдык. Андан кийин Түштүк Африкага жер котордук.
— Турмуш кургандан кийин Индонезия жана Түштүк Африкада жашадык дедиңиз, 2 өлкөнүн эли, жашоосу кандай экен?
— Негизи эле чет өлкөгө барганда тамак ашы, маданияты, эли, климаты маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Мен жашаган аймактардан мага Африка жакты. Түштүк Африкада көбүнчө англис тилинде баарлашат. Мисалы, Жакартада тил жагынан абдан кыйналганмын. Анткени, алар бахаса тилинде гана сүйлөшчү. Андан сырткары, Индонезияда жайбаракат көчөдө баса албайсың. Себеби трафик көп, ал тургай тротуарлары жок. Жалаң унаа менен гана жүрүүгө туура келет.
Бир чети Түштүк Африкада криминалдуу райондор көп. Биз жашаган аймакта апартеидге күбө болгон жергиликтүү тургундар арбын (апартеид — адамзатка каршы багытталган эл аралык кылмыш, ТАР өкмөтү тарабынан африкалык жана европалык эмес калктарга карата 1990-жылдардын башына чейин жүргүзүлүп келген расалык басмырлоо жана кодулоо саясаты). Алар ошол окуя үчүн абдан агрессивдүү келишет. Жергиликтүү эл билимсиз болуп чоңойгон. Анын кесепетинен азыр кылмыштуулук арбын.
— Түштүк Африканын өзгөчө салт-санааларына күбө болдуңузбу?
— Зулу уруусунан курбум бар. Аларда кыздар 18 жашка чыкканда улуттук кийим кийгизип, көп эл чакырып, алардын алдында бийлетишет экен. Бул кыздын турмуш курууга даяр экенин билдирген жөрөлгө. Атайын даам сызылып, кадимкидей белгилешет. Ошондой эле Зулу урууларында кыргыздардай эле жигит кызга калың төлөп үйлөнөт, сеп, кийит деген түшүнүктөр бул жакта дагы бар.
-Түштүк Африкадан кыргызстандыктарды кезиктире алдыңызбы?
-Түштүк Африкада кыргыздар менен бир ирет жолугушкам. Кийин алар Францияга көчүп кетишти. Андан башка кыргызстандыктарды жолуктура элекмин. Бирок студенттер бар деп угуп калам.
— Стюардесса темасына кайра кайрылсак, бул кесиптин ээси болуу үчүн кандай талаптар коюлат?
— Ар кайсыл авиалиниялардын өздөрүнө тиешелүү талаптары болот. Мисалы, Сингапур авиалиниясында иштөө үчүн, туристтик бизнес же мейманкана жаатында бакалавр даражасындагы билимге ээ болуу шарт. Ал эми Катар авиалиниясында болсо мектеп программасы жетиштүү. Болгону талапкер 21 жаштан жогору жана чет тилдерин билиш керек. Талаптардын дагы бири- Катар авиалиниясында иштесең Дохага, Араб Эмираты авиалиниясында иштесең Дубайга которулуп келүү каалооң күч болушу зарыл. Мен да шартка ылайык, Катарда жашап калдым.
Стюардесса болуш үчүн белгилүү бир салмакта болуу керек деген эреже жок, бирок сөзсүз 212 сантиметрлик бийиктикке буттун учу менен жете билүү шарт. Анткени өрт өчүрүүчү куралдар, аптечка ошол бийиктикте жайгашкан. Бул экстремалдуу учурда керек болот. Борт коштоочу болуш үчүн дененин ачык бөлүгүндө татуировка, тырыктын издери болбошу шарт. Чачтын өңү дагы боелбогон, нукура өңдө болуу талап кылынат.
Мындан тышкары стюардессаларга таштуу, жылтырак шакек тагынууга болбойт. Алар саатты сөзсүз түрдө тагынып жүрүшү керек, бирок ташы жок, жөнөкөй болушу шарт. Тырмак менен оозду боего уруксат берилет, бирок өтө ачык, жылтырак боекторго тыюу салынат.
- Стюардесса болуп иштеп жүргөндө кандай кызыктуу окуяларга туш болдуңуз?
-Учактагы карьерамда авариялык жагдайлар болгон жок, шүгүр.
Жумушум аба каттамдарына байланыштуу болгондуктан, көп жер кыдырдым. Эл тааныдым, саякаттадым, дүйнө таанымым кеңейди. Дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Баш-аягы 30дан ашуун өлкөнү кыдырдым, тарыхый, таанымал жайларына күбө болдум, бул мен үчүн өтө жагымдуу.
- Учурда бала карап үйдө экенсиз, уулуңуздун аты ким?
- Уулубуздун аты —Макс, кыргызча максат, чет тилде максимум деген сөздүн кыскартылышы. Универсалдуу ысымды жолдошум экөөбүз койгонбуз. Уулубузга орус, англис жана француз тилдерин үйрөтүп жатабыз.
- Кыргызстанга канча убакта бир барып турасыздар?
- Малайзияда студент кезде жылына 3-4 жолу келип кетчүмүн. Анткени биздин окуу жай Кыргызстанда билим берүү тармагында көргөзмөлөрдү байма-бай уюштуруп, мени дайыма өкүл катары жөнөтүшчү. Кийин иштеп баштаганда өтө сейрек барып калдым. Себеби иштөө графигим тынымсыз болчу. Азыр үй-бүлөм менен жылына 1-2 жолу барганга аракет кылабыз.