Кара-Сууда жол кырсыгы катталып, 3 жаштагы кыз каза болду

16:20, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 3 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрдагы жол кырсыгынан улам, 2016-жылы туулган К.Т. ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, кыз ооруканага жетпей каза болду.