Таласта мал уурулукка шектелген 3 адам кармалды

11:45, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Таласта мал уурулукка шектелген 3 адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИББден билдиришти.

Талас РИИБге 13-декабрда Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылып, короосунан белгисиз адамдар байланып турган 2 жылкысын уурдап кеткендигин айтып арызданган.

16-декабрда аталган кылмышка шектелип С.У., А. А. жана С.Э. аттуу жарандар кармалды. Жылкылар шектүүлөрдүн бирөөсүнүн үйүнөн табылып, ээсине тапшырылды.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.