Мэрия: Бишкектин көчөлөрүнө 83 тонна техникалык туз себилди

11:10, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишти аткарууга 11 атайын техника жана 10 кар тазалоочу унаа тартылган.

Учурда Бишкекте тоңголок жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат. 

Фото