Чүйдө үй өрттөнүп, бир киши 3-даражадагы күйүк алды

10:19, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Интернационал айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен аянты 48 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кетти.

«Кырсыктан 1 киши 3-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилди. Азыр абалы туруктуу. Учурда өрттүн себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.