10:12, 20 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Адыр айылына кире бериште «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү маалында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 6 тонна бензин табылды.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Унаа айып короосуна киргизилди.