Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар.
Кадырбек Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө. Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.
Эске салсак, буга чейин 24.kg агенттигине окурмандар Хабаровскто милиция автопаркта иштеген мигрант-таксисттерди катуу сабап салышканын билдиришкен. Анда 2 кыргызстандыктын ооруканага жаткырылганы маалымдалган.