20:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалды

«Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, арыз менен кытайлык жаран М.М. кайрылып, Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү суранган. Ал шектүү алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акчасын алып алганын айтат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, кытайлык жаран «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабына катышуу максатында Кыргызстанга келгени аныкталды. Ал кытайлык ири компаниянын атынан катышмак. М.М. сынакка катышууга даярдык көрүп жүргөндө Сыргак Кенжебаев менен таанышып калат. Ал инвестордун ишенимине кирип, күтүлбөгөн чыгашаларга байланыштуу деп акчасын алып алган.

УКМКдан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Сыргак Кенжебаев кытайлык инвестордон мурда алган акчасынын үстүнө дагы 250 миң доллар талап кылганы далилденди.

Эң көп окулган жаңылыктар