Бул президент Владимир Зеленский менен анын «Эл кызматчысы» партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан.
Мыйзамды «Европа тилектештиши», «Батькивщына» жана «Добуш» фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок.
Мыйзамга ылайык, Украина Конституциясындагы «парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт» деген эреже алынып салынат.
Мындан ары коррупцияга шектелген депутаттарга каршы тергөө амалдарын баштоого жана камоого башкы прокурор уруксат берет. Бул арада «Европа тилектештиги» партиясынын депутаты Алексей Гончаренко башкы прокурорго мындай ири ыйгарым укук берүү саясий жана коррупциялык тобокелчиликтерди жаратарын белгилөөдө.
Былтыр «Transparency International» уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде — Украина 180 өлкөнүн ичинен 120-орунга жайгаштырылган.