Тогуз жыл аралыгында 800дөн ашуун кыргызстандык Сириядагы согушка катышкан

11:56, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

9 жыл аралыгында 800дөн ашуун кыргызстандык Сириядагы согушка катышкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМ башкармалыгынын башчысы Асылбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, 72 киши өз мекенине кайтып келди, алардын 44ү абакта жаза өтөп жатышат.

«26 киши эркиндикке чыкты. Алардын баары ИИМдин каттоосунда турат», — деди Асылбек Мамбетов.