«Бишкек-Ош» унаа жолунда альтернативдик туннель курулат

11:21, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Айтымында, туннелдин сметалык баасы — 235-250 миллион долларды түзөт.

«Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт деп жатабыз, учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бакыт Бердалиев.

Маалым болгондой, альтернативдик туннель үчүн акы алынат.