10:24, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Нижневартовск шаарынын соту кыргызстандык жарандын өлүмүнө шектүү кишини 9 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазып чыкты.
Маалыматка караганда, эки жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Бирөө экинчисин бычак менен бир канча жолу сайып жибергенде, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
«Кылмыштан кийин шектүү каза болгон жарандын сөөгүн катып, башка жумушчуларга аны бөлөк объектке иштегени кеткен деп алдап койгон. Кийинчерээк шектүү колго түштү», — деп айтылат билдирүүдө.