Ошто каракчылык менен кол салууга шектүү жаран изделүүдө

17:38, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн каракчылык менен кол салууга шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, эркек киши бүгүн болжол менен саат 13:00дө качып кеткен.

«Шектүү кантип чыгып качып кеткени аныкталууда. Ал издөөгө алынды», — деп айтылат маалыматта.