17:38, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн каракчылык менен кол салууга шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, эркек киши бүгүн болжол менен саат 13:00дө качып кеткен.
«Шектүү кантип чыгып качып кеткени аныкталууда. Ал издөөгө алынды», — деп айтылат маалыматта.