Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 20,9 пайызга азайды

16:03, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 20,9 пайызга азайды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 11 ай ичинде республика боюнча 3 миң 592 өрт кырсыгы катталды (2018-жылы 4 миң 540 өрт кырсыгы катталган).

Быйыл өрттөн 48 адамдын өмүрү сакталып калган (2018-жылы 64 адамдын өмүрү сакталаган).

Өрттөрдүн негизги себептери -отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 37,4 %, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык-33,0 %, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу −6,9 %, балдардын от менен ойноосу 5,6 %.

Бул жылы өрттүн кесепетинен 40 адам каза таап, 60 адам жабыркаган.