09:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эл аралык иштер боюнча комитет Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. 

Белгилей кетсек, буга чейин саясатчы президент Сооронбай Жээнбеков менен элдик курултайдын талабы менен гана жолугушуп жатканын айтып, кандайдыр бир кызматка дайындалышын четке каккан.

Бул жылы анын улуу баласы Руслан мамлекет башчысынын аппаратынын эксперти болуп ишке орношсо, башка уулу Эрнист Стамбулда консулдук кызматка ишке орношууга аракет кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума