Караколдо курулуш вагону өрттөнүп, кесепетинен бир киши каза болду

11:04, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарында курулуш вагону өрттөнүп, кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык шаардын Кыдыр аке көчөсүндө болгон.

Анын кесепетинен жалпы аянтты 35 чарчы метр болгон курулуш вагону толук күйүп, эркеккиши каза болду. Учурда өрттүн себеби такталууда.