10:11, 17 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 08:26да Нарын облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.