Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты

17:11, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, жаңжал Дахма аймагында чыкты. Анда тажик тарап такталбаган аймакта тосмо курабыз деп чыккан.

«Окуя болгон жерде 40-50 киши чогулду. Тургундар арасында пикир келишпестик жаралды. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп билдиришти редакцияга.