Жаныбек Бакчиев УКМКнын сурагынан чыкты

14:08, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКнын сурагынан чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу билдирди.

Сурак 2 саатка созулду.

«Сурак Жаныбек Бакчиевдин 8 жыл мурунку ишине байланыштуу», — деди жактоочу. Калган маалыматтарды жактоочу айткан жок.

Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Каттоо кызматынын жетекчилигинен 2011-жылдын декабрында кеткен. Андан бери 8 жыл өттү.

Эске салсак, ал кызматтан кетүү себебин аны дайындоого сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгына байланыштырган.