Соцтармактын колдонуучусу мөөнөтү өтүп кеткен сырдын сатыкка коюлганына нааразы

11:39, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Соцтармактын колдонуучусу мөөнөтү өтүп кеткен сырдын сатыкка коюлганына нааразы. Бул тууралуу Айзада Калканбекова аттуу колдонуучу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

««Фрунзе» гипермаркети жарактуу мөөнөтү өткөн сырды ушинтип өздөрү узартышат экен. Бардык сырдын кагаздары экинчи жолу чапталган же сыйрылып кайра чапталган. Бир айга узартыптыр, 20- ноябрды, 20- декабрга жаңыртыптыр», — деп жазып, сүрөтүн жарыялаган.