19:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандагы 22 кышкы тоо лыжа базасынын болгону 16сы гана иштейт

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын болгону 16сы гана иштейт. Бул тууралуу маалымат жыйында туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө тоо лыжа базаларынын кожоюндары жана өкүлдөрү Швейцарияга барып, ал жактан туристтер жана гиддер үчүн кызмат көрсөтүү системасын үйрөнүп келүү боюнча белгилүү бир келишимдер бар. «Тажрыйба алмашуу гранттын алкагында болот. Анда жалпы суммасы 2 миллион доллар каражат каралган», — деди Максат Дамир уулу.

Ал Кыргызстандын түштүгүндө тоо лыжа базасын куруу- перспективдүү иш деди. Айтымында, бул иш үчүн Алай районунун аймагында жер аянты бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума