01:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Курсан Асановдун иши. Жактоочулар иш объективдүү жүргүзүлбөгөн дешүүдө

ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Чынара Жакупбекова 24.kg агенттигине билдиришкендей, Кой-Таш окясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу Курсан Асановго карата объективдүү жүргүзүлгөн эмес.

Юристтердин билдирүүсүндө, Курсан Асановдун аракетинде кылмыштын курамы жок. Анткени ага башында эле Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн сырткы периметрин коргоо тапшырмасы берилген. Курсан Асанов мурунку президенттин багынып берүүсү үчүн, сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөн.

Жактоочулар пакет тууралуу кеп кылышты.

«Пакет кандай алынса, ошондой кайра өткөрүлүп берилген. Мунун баары видеодо бар. Курсан Асановдун уулу Мухаммед Али тууралуу айта турган болсок, мамлекеттик комиссия анын аракетине юридикалык баа берип өз укуктарынан сырткары чыгып кетишти. Анын уулунун окуяга эч кандай тиешеси жок», — дешти алар.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган.

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар