Токмокто күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты

09:32, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы автобекеттин жанында жайгашкан күйүүчү май саткан контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү кечээ саат 20:55те келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 22:02де толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.