Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас, Семетей, Сейтек» трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), Айтыш төкмөчүлүк өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка, юфка жасоо маданияты (көп улуттук номинация), көкбөрү салттуу ат оюну киргизилген.
Мындан тышкары бул тизмеге Өзбекстандын Хорезм бийи, Беларус хороводу да кирди.