11:48, 13 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы 2 көпүрөнүн курулушу 29 миллион долларга бааланууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда депутат Иса Өмүркулов билдирди.
Айтымында, бул каражатка бир канча көпүрө курса болот.
«Узундугу 1,5 чакырым 2 көпүрөнү ушундай ири суммага куруп жатасыздар. Көпүрө алтындан жасалганбы?», — деди ал.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бир эстакадалык көпүрөнүн узундугу 396 метрди, экинчиси 1 миң 76 метрди түзөтю Учурда иштин 70 пайызы аяктады.