Бишкекте милиция пара алып жаткан жеринин кармалды

09:58, 13 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Каржы полициясынын кызматкерлери Бишкек ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысын пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, милиция мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп, жарандан 1 миң доллар пара талап кылган.

«Милиция 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалды. Ал миң доллар акча бербесең, ишти сотко өткөрүп салам деп жаранды коркуткан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.