14:18, 12 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин пенсиясынын көлөмү 100 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык төлөм мурунку өлкө башчысына баштагыдай эле төлөнүүдө. Медер Ирсалиев бул экс-президент макамы тууралуу мыйзамга байланыштуу деди.
«Бул мыйзамда экс-президенттин пенсиясы анын акыркы маянасынын 75 пайыз өлчөмү менен аныкталат деп жазылып турат. Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу соттун чечимин кабыл алганда, Соцфонд төлөмдөрдү токтотот», — деп түшүндүрдү ал.