Башкы прокуратура Нурбек Токтакуновдун Матраимовго карата жазган арызын кароодо

11:38, 12 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Жактоочу Нурбек Токтакунов бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата Башкы прокуратурага жазган арызы каттоого алынбаганын коомчулукка билдирди.

Ал Башкы көзөмөл органы арызды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады деген бир дагы билдирүү жок экенин айтты. Юристтин пикиринде, башкы көзөмөл органы берилген арызды атайлап көңүл сыртына калтырууда.

Башкы прокуратурадан 24.kg агенттигине билдиришкендей, юристтин арызы иликтенүүдө. Ал жалпы бөлүмдө каттоого алынган. «Процедура ушундай. Аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүдөн мурун кайрылуу каралышы керек», — дешти мекемеден.

Нурбек Токтакунов буга чейин Башкы прокуратурага Райымбек Матраимовдун расмий кирешесинен ашып түшкөн ири байлыктары тууралуу фактылар боюнча арыз менен кайрылганын айткан.