Президент Абу-Дабиде курман болгон жоокерлердин мемориалына гүлчамбар койду

09:50, 12 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин мемориалына гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Фото

Азем ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Мамлекет башчысы мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.