08:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

7 жашар баланын сабалышы боюнча тергөө иши аяктады

7 жашар баланын сабалышы боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш Биринчи май райондук сотуна өттү. Айыпталуучу -баланын атасы № 1 тергөө абагында жатат. Ага «ден соолукка залал берүү» беренеси боюнча айып тагылды.

Сот жактоочу тараптын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн четке кагып, айыпталуучу камакта дагы 1 ай калмай болду. Окуучунун апасы дагы тосмо арыз жазуудан баш тартты.

Эске салсак, ушул жылдын май айында 33 жаштагы киши баласын сабап салган. Жабырлануучунун мээси чайкалганы кабарланып, укук коргоочулар шектүүгө карата чара көрүү үчүн экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар