Бишкекте троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

15:10, 11 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына мурунку вице-мэр Эркинбек Исаков жазып чыкты.

Фото

Маалыматка караганда, жабырлануучулар жок. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, толугураак маалыматты кийинчерээк беришет. Бишкек мэриясынан жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, коомдук унаа менен кагылышканын кабарлашты.

«Жүргүнчүлөрдүн доосу жок, баары аман-эсен», — дешет мэриядагылар.