21:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда «Селсаяк» рейди жүргүзүлүп, 17 киши текшерүүгө алынды

10-11-декабрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Селсаяк» рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынып, өздүгү такталып, бармак издери алынды. Алардын ичинен 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болду. Милиция кармалгандарды жакындарына өткөрүп берди.

Ал эми шаардык 5 жаран суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар