00:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Гүлжигит Алыкулов казак клубуна ойноодон баш тартты. Ал Европаны көздөөдө

Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын футбол клубу менен келимим түзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ал казак басылмаларына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Белоруссиянын «Неман» клубунун тренери Гүлжигит Алыкулов менен коштошууга туура келерин, ага башка футбол топторунан сунуштар болуп, кезекке туруп калышканын айткан.

«Ооба мен «Кайрат» футбол клубуна ойноо сунушунан баш тарттым. Аны менен менин агентим сүйлөшүү жүргүздү. Андыктан, майда барат маселелерин билбейм», — дейт футболчу.

Казак басылмаларынын билдирүүсүндө, «Кайрат» Гүлжигит Калыковго орчундуу суммадагы келишим менен чыккан.

«Казакстандын чемпионаты дагы жакшы. Көпчүлүк футболчулар ага кирүүгө аракет кылышат. Мен азыр жашмын, мага оюнчу катары өсүү маанилүү. Мага өтө күчтүү лигалар керек», — деп жооп берген Гүлжигит Алыкулов.

Футболчу Россия жана Белоруссиянын футбол клубтарын дагы көздөбөйт. Ал Европа лигасына кошулууну самайт.

Мен Европа чемпионатына кызыгам. Бирок, азыр Белоруссияда «Неманда» ойнойм. Клуб менен үч жылга контракт түзгөнмүн.

Гүлжигит Алыкулов

Гүлжигит Алыкулов келишим түзүүдө акчага маани бербестигин билдирет. Ал алгач Европада күчүн көрсөтүү керектигин белгилейт.

Маалыматка караганда, Гүлжигит Алыкуловго Казакстандын «Кайрат» клубунан сырткары, Польшанын «Леха», Чехиянын «Славия», Россиянын премьер-лигасындагы клубдар кызыгууда.

«Кайрат» футбол клубу буга чейин дагы Гүлжигитке сунуш менен чыккан. Бул тууралуу оюнчу 2019-жылдын март айында берген маегинде билдирген. Анын айтымында, «Кайрат» ага казак жарандыгын алуу талабын койгондуктан  баш тарткан. Себеби, Гүлжигит Кыргызстандын курама командасында гана ойноону каалайт. 

Transfermarkt порталы футболист менен келишим баасын 400 миң долларга балоодо.

Кыргызстандын «Ак шумкар» футболдук курама командасына Гүлжигит Алыкулов жайында гана кошулду. Ал биринчи жолу Палестина менен беттешке катышып, кийин улуттук курма менен «Спартак» стадионунда өткөн Мьянма менен оюнда алгачкы голун киргизди.
 
Аны Белоруссияда «кыргыз мессиси» аташат.
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума