22:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө газга ууланып 4 шахтер каза болду

Кыргызстандын түштүгүндө газга ууланып 4 шахтер каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынан алыс эмес жерде болду.

Алдын ала билдирүүгө ылайык, көмүр шахтасында газ чыгып, кесепетинен 4 жумушчу каза тапты.

Каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди, алардын экөө бир туугандар болгону айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар