Жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

16:40, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймагына жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Кароонун жүрүшүндө ар бир унаада 20 кубметр жыгач материалдары болгон. Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болуп чыкты.

«Ак-Тилек авто жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунан гипсокартон жана асбест түтүктөрүн ташыган 2 унаа кармалды. Кароо учурунда унаанын биринде эсеп-фактурадагы маалыматтар менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр дал келген эмес. Анда 510 даана гипсокартон көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1 миң 360 даана болгон. 400 даана түтүк алып келе жаткан экинчи унаанын айдоочусунда электрондук эсеп-фактурасы болгон эмес.