16:20, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg
6-декабрга карата «Айыл чарбаны каржылоо — 7» долбоорунун алкагында 5 миллион 118 миң 400 сомго 9 миң 946 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 миллион 156 миң сомго 2 миң 859 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка — 2 миллион 614 миң 700 сомго 6 миң 757 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миллион 347 миң 700 сомго 330 жеңилдетилген насыя берилди.
Аталган долбоордун алкагында каражат ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилүүдө.