Ош шаарында 20 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап кетип жан берди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-декабрда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан милицияга кабар келген. Анда 20 жаштагы кыз белгисиз себептерден улам 5-кабаттан кулап кеткени айтылат.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ооруканадан билдиришкендей, кыз алынып келингенден 1 саат өтпөй каза болуп калган.