Ошто 20 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап кетип жан берди

15:19, 10 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 20 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап кетип жан берди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-декабрда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан милицияга кабар келген. Анда 20 жаштагы кыз белгисиз себептерден улам 5-кабаттан кулап кеткени айтылат.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ооруканадан билдиришкендей, кыз алынып келингенден 1 саат өтпөй каза болуп калган.